# 26-берене. Суу объектилерин дарылоо, курорттук жана ден соолукту чыңдоо максатында пайдалануу

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 26-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-26

---

Дарылоо категориясына кирген суу объектилери негизинен курорттук жана дарылоо максаттары үчүн пайдаланылат. Атайын полномочиелүү мамлекеттик органдар дарылоо категориясына киргизилген суу объектилерин саламаттык сактоо органдары жана курорт башкармалары менен макулдашып туруп башка максаттар үчүн пайдаланууга уруксат бере алышат. Дарылоо категориясына кирген суу объектилерине агып чыкма суулардын кошулушуна тыюу салынат. Сууларды эс алуу, спорт, туризм жана ышкыбоздордун балык уулоосу үчүн пайдалануунун тартиби жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары тарабынан белгиленет, бирок буга айрым суу объектилери кирбейт, мындай объектилердин колдонулушуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чектөө же тыюу салынат.Суу чарба курулуштарын атайын полномочиелүү мамлекеттик органдардын уруксатысыз эс алуу, спорт, туризм жана ышкыбоздордун балык уулоосу үчүн пайдаланууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-27)
