26-берене. Суу объектилерин дарылоо, курорттук жана ден соолукту чыңдоо максатында пайдалануу
Күчүн жоготкон · 27.06.2025 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2025 года № 129.
Дарылоо категориясына кирген суу объектилери негизинен курорттук жана дарылоо максаттары үчүн пайдаланылат. Атайын полномочиелүү мамлекеттик органдар дарылоо категориясына киргизилген суу объектилерин саламаттык сактоо органдары жана курорт башкармалары менен макулдашып туруп башка максаттар үчүн пайдаланууга уруксат бере алышат. Дарылоо категориясына кирген суу объектилерине агып чыкма суулардын кошулушуна тыюу салынат. Сууларды эс алуу, спорт, туризм жана ышкыбоздордун балык уулоосу үчүн пайдалануунун тартиби жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары тарабынан белгиленет, бирок буга айрым суу объектилери кирбейт, мындай объектилердин колдонулушуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чектөө же тыюу салынат.Суу чарба курулуштарын атайын полномочиелүү мамлекеттик органдардын уруксатысыз эс алуу, спорт, туризм жана ышкыбоздордун балык уулоосу үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/729/st-26" title="26-берене - Суу жөнүндөгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>