# 24-берене. Сууларды пайдалануучулардын милдеттери

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 24-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-24

---

Сууларды пайдалануучулар:

- сууларды тиешелүү максатта жана шарттарда гана пайдаланууга;

- суу объектилерин сарамжалдуу пайдаланууга, суу ресурстарын үнөмдүү чыгымдоону камсыз кылууга, аларды калыбына келтирүүгө жана сапатын жакшыртууга;

- суу объектилерине коюлган талаптарга ылайык келбеген булганч суулардын агып түшүшүнө жол бербөөгө;

- башка сууларды пайдалануучуларга берилген укуктардын бузулушуна, ошондой эле чарбалык жана башка объектилерге чыгым тарттырууга жол бербөөгө;

- суу объектилеринде жана суу чарба курулуштарында экологиялык, балыктарды коргоо жана башка колдонулуп жаткан нормаларды канааттандыруучу суулардын минималдуу мүмкүн болгон деңгээлинин же чыгымдалышынын сакталышын камсыз кылууга;

- суулардын абалына таасир бере турган суу чарба жана тазалоочу жайларды оң абалында күтүүгө, алардын эксплуатациялык сапаттарын жакшыртууга;

- алынып жаткан суулардын баштапкы эсебин, суулардын сапатынын контролун өз алдынча же башка уюмдар менен бирдикте уюштурууга, ошондой эле суу объектилеринин, курулуштарынын жана андагы жасалгалардын тийиштүү санитардык-техникалык абалын камсыз кылууга;

- авариядан улам булгоочу заттардын кошулуусунан улам суу объектилери менен суу чарба курулуштарынын булганышына жол бербөө жана андай булгануунун кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүүгө;

- балык коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сууларды пайдаланууга берилген лицензияларда каралган башка талаптарды аткарат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-25)
