# 20-берене. Сууларды пайдалануу укугун токтотуу

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 20-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-20

---

Төмөндөгү учурларда Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын жана адамдарынын сууларды пайдалануу укуктары токтотулат:

- сууларды пайдалануу зарылчылыгы жок болсо же андан баш тартуу;

- сууларды пайдаланууга укук берген лицензиянын мөөнөтүнүн бүтүшү;

- юридикалык жактын жоюлушу же гражданиндин өлүшү;

- суу объектилеринин булганышы же түгөнүшү;

- суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалануунун шартынын бузулушу;

- сууларды пайдалануучулардын тарткан зыяндарынын жана чыгашаларынын ордун толтуруу менен мамлекеттин пайдалануусунан суу объектилерин алып коюуга алып келүүчү жагдайлардын келип чыгышы;

- сууларды пайдалануучуларды - ишкананы, уюмду, мекемени жана гражданинди белгиленген тартипте банкрот деп жарыялоо жана жоюу.

Сууларды пайдалануу укугу (ичүү жана тиричилик муктаждыктары үчүн суу ресурстарын пайдалануу укугун кошпогондо) суу мыйзамдарын бузган учурда, же суу объектисин башка максатта пайдаланган учурда да токтотулушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында сууларды пайдалануу укугун токтотуу учүн башка негиздер да каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-21)
