# 19-берене. Сууларды пайдалануучулардын укуктарын чектөө

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 19-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-19

---

Суу аз болгон мезгилдерде, суу объектилеринде жана суу чарба курулуштарында кыйроо болуучу шарттарда, эпидемия жана эпизоотия коркунучу келген жагдайларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда калктын ден соолугун коргоо үчүн жана башка мамлекеттик кызыкчылыкты көздөп, ошондой эле башка суу пайдалануучулардын таламында сууларды пайдалануучулардын укугу чектелиши мүмкүн. Мында калктын сууларды ичүү жана тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануу шарттары начарлап кетүүгө тийиш эмес. Суулардын зыяндуу таасиринен улам пайда болгон табият кырсыгынын алдын алуу жана аны жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүдө сууларды пайдалануучулардын укуктарын чектөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-20)
