# 18-берене. Сууларды пайдалануучулардын укуктары

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 18-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-18

---

Суу объектисин пайдаланууга берилген Лицензияда көрсөтүлгөн максаттуу багытына ылайык сууларды пайдалануучулар:

- иш аракеттерин координациялоо, өздөрүнүн укуктарын коргоону камсыз кылуу, тийиштүү мамлекеттик жана башка органдарда жалпы кызыкчылыктарды көздөө максатында ыктыярдуу негизде союздарга, ассоциацияларга, концерндерге жана башка бирикмелерге биригүүгө;

- пайдалануу үчүн сууларды чыгарып алууга;

- сууларды ушул мыйзамдын 15-беренесинде саналып өткөн муктаждыктар үчүн пайдаланууга;

- суу чарба курулуштарын жана жасалгаларын салууга, ошондой эле аларды модернизациялоого, реконструкциялоого жана жоюуга;

- суу объектилерин эс алуу, туризм, спорттук жана ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүү үчүн, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу жана бир калыпта кармап туруу үчүн пайдаланууга;

- атайын полномочиелүү Мамлекеттик органдардан суу фондусунун азайышына жана булганышына жол бербөө, суу ресурстары менен белгилүү санда жана сапатта камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылууга;

- өзүнө келтирилген чыгымды компенсациялоону мыйзамда белгиленген тартипте талап кылууга укуктуу.

Сууларды пайдалануучулардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, суу объектилерин жана ресурстарын пайдалануу боюнча башка аракеттерди да жасоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-19)
