# 13-берене. Суу мамилелери жагынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдарынын компетенциясы

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 13-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-13

---

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдарынын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- менчигинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана суу мамилелери жагынан ведомстволук таандуулугуна карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин координациялайт;

- суу объектилеринин абалы жөнүндө калкты маалымат менен камсыз кылат;

- сууларды пайдалануучулардын укуктарын коргойт;

- суу объектилерин пайдалануу укугун чектейт;

- суу объектилерин сактоо жана калыбына келтирүү, суулардын зыяндуу таасирин жоюу жана анын алдын алуу, ошондой эле кыйроолордун жана табият кырсыгынын натыйжасында сууларды булгануудан сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;

- суу объектилеринин абалына таасир тийгизүүчү ишканаларды, курулуштарды жана техникалык жасалгаларды жайгаштырууну жана колдонууга киргизүүнү, ошондой эле суу объектилеринде жана жээктеги сууларды коргоочу тилкелерде иш жүргүзүү тартибин макулдашат;

- суу фондусуна жерлерди бөлүп берет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-14)
