# 11-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суу мамилелери жагындагы компетенциясы

- Документ: [Суу жөнүндөгү](https://aqlex.ai/kg/doc/729)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1994-жылдын 14-январы № 1422-XII "Суу жөнүндөгү" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1422-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [692](https://aqlex.ai/kg/doc/692)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/729#diff=939010..939011>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-693/edition/939010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/729/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу жөнүндөгү, 11-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-11

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү суу мамилелери жагынан:

- мамлекеттик суу чарба программаларын иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну, аларды инвестициялоону жана финансылоону камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын аймагында министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун, башка уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын суу мамилелери жагындагы иш-аракетин координациялайт;

- сууларды пайдаланууга лицензия берүүнүн жана суу объектилерин концессияга же арендага берүүнүн тартибин белгилейт;

- суу үчүн төлөнүүчү акынын негизги өлчөмүн иштеп чыгат;

- сууларды пайдалануунун, сууларды булгай турган калдыктарды жана анын зыяндуу таасиринин башка түрлөрүн жайгаштыруунун нормативдерин, сууларды пайдалануу үчүн төлөнүүчү акыны аныктоонун жана алуунун тартибин бекитет;

- өзгөчө кырдаалдын зонасында өзгөчө суу пайдалануу режимин белгилейт;

- суу объектилеринде жана суу чарба курулуштарында өзгөчө корголуучу аймактарды уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алат;

- сууларды пайдаланууну жана коргоону жөнгө салуу жагынан долбоорлоо, иликтөө, илимий-изилдөө жана конструктордук иштерди борбордоштуруп координациялоону жүзөгө ашырат;

- сууларды пайдалануу жана коргоо, сууларды мамлекеттик контролдоо жана каттоо тартибин, ошондой эле мамлекеттик суу кадастрын жана суу объекттеринин мониторингин белгилейт;

- суу фондунун жерлерин бөлүү тартибин белгилей жана аларды пайдаланууга берет;

- менчигинин түрүнө жана баш ийүүсүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар суу мыйзамдарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алардын ишин токтото туруу, чектөө жана биротоло токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат;

- калкты суулардын, суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын абалы жөнүндө зарыл маалыматтар менен камсыз кылат;

Кыргыз Республикасынын суу мамилелери жагындагы тышкы байланыштарына жетекчилик кылат;

- чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана адамдардын суу мамилелери жагындагы ишин жөнгө салат.

(КР 1995-жылдын 28-июлунун жана 26-сентябрындагы № 21-1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/729/st-12)
