# КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 20-июнундагы № 3307-V "Кыргыз Республикасындагы пенсиялык топтоо фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 20-июнундагы № 3307-V "Кыргыз Республикасындагы пенсиялык топтоо фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3307-V
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72891>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5626/edition/465822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72891.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 20-июнундагы № 3307-V "Кыргыз Республикасындагы пенсиялык топтоо фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (20.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72891

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 20-июну № 3307-V "Кыргыз Республикасындагы пенсиялык топтоо фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2012-жылдын 25-декабрындагы № 858 токтому) "Кыргыз Республикасындагы пенсиялык топтоо фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорлоруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча боюнча комитети (Д.А.Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорлоруна келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага орун басары

Т.Зулпукаров
