# КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3411-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3411-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3411-V
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72848>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5592/edition/464515/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72848.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3411-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (27.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72848

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-июну № 3411-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн толуктоо, ошондой эле Чолпон-Ата шаарында 2012-жылдын 14-15-августундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген карыздарды жөнгө салууга байланыштуу Россия Федерациясы менен макулдашууларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Мамлекеттештирилген объектилерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- № 1 тиркемедеги 4, 9, 10, 21, 22, 23, 35-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

- № 2 тиркеме төмөндөгүдөй мазмундагы 29-35-пункттар менен толукталсын:

"

| 29 | "Альфа телеком" ЖАК 49 пайызы |
| --- | --- |
| 30 | "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ААК акцияларынын 44,08877 пайызы |
| 31 | "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ААК акцияларынын 6,36817 пайызы |
| 32 | "Каприз" ЖЧК 28,34 пайызы |
| 33 | "СК Ресурс" ЖЧК 35 пайызы |
| 34 | "СК Ресурс" ЖЧК 35 пайызы |
| 35 | "Манас" эл аралык аэропорту" ААК перрону менен кичи терминалы жана 12,49 га аянттагы жер участогу |

".

2. "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2-тиркемедеги "1. Бишкек шаары" бөлүмү төмөндөгүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"

| 7 | "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ААК | 116,2573 | 98,46 | 98,463175675 |
| --- | --- | --- | --- | --- |

".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- "Мамлекеттештирилген объектилерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомунун № 2 тиркемесинин 35-пунктунда көрсөтүлгөн объектилерди менчиктештирүү тикелей сатуу методу менен жүзөгө ашырсын;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды кабыл алсын;

- "Дастан" ТУК акцияларын сатууга чыгарган учурда заводдун профилин сактасын; ушул максаттар жана өндүрүштү толук камсыз кылуу үчүн стратегиялык өнөктү тартсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Жээнбеков
