# КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3415-V "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3415-V "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3415-V
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72844>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5589/edition/464214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72844.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3415-V "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому (27.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72844

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-июну № 3415-V "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, Э.Ж.Алымбеков, А.Т.Алтыбаева, К.Осмоналиев, М.А.Султанов, Б.С.Кадыров, К.С.Дыйканбаев, Т.У.Шайназаров, Р.К.Акназарова, К.С.Бокоев, Ж.Р.Сапарбаев жана Б.Калмаматов тарабынан демилгеленген "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылык колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кийинки жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун түзүүдө сатыктан алынуучу салык жана киреше салыгы сыяктуу жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн нормативдерин көбөйтүү жолу менен шаардын жергиликтүү бюджетин көбөйтүү маселесин карасын.

Төрага

А. Жээнбеков
