# КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3320-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3320-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3420-V
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72838>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5584/edition/464064/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72838.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3320-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому (27.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72838

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-июну № 3320-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөндөгү депутаттар:

Олег Леонидович Домшенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына; Нурбек Каарыевич Алимбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө", 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" жана 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1874-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун ушул токтомго ылайык келтирсин.

Төрага

А. Жээнбеков
