Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин V «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген „Автомобиль траспорту жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 12-июну № 3200- V Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Автомобиль траспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгү курамдагы макулдашуу тобу түзүлсүн:
-Маматалиев А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү; -Молдобаев Н. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү; -Молдалиев О.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү; -Ибраев К.И. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; -Исаев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол-көзөмөл кызматынын начальниги.
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кеч эмес жогоруда баяндалган мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3384-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 12-июнундагы № 3200-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 27.06.2013 · № 3384-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3319-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2013 · № 3319-V
Шилтеме берет (2)
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон