# КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 12-июнундагы № 3201- V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 12-июнундагы № 3201- V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3201-V
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72827>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5580/edition/517516/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72827.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 12-июнундагы № 3201- V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" токтому (20.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72827

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 12-июну N 3201-V Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу (КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3843-V токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгү курамдагы макулдашуу тобу түзүлсүн:

- Иманалиев К.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы;

- Скрипкина Г.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү;

- Абдылдаев М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү;

- Темирбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү;

- Абдылдаев Э.Б. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри.

(КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3843-V токтомунун редакциясына ылайык)

2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кеч эмес жогоруда баяндалган мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров
