КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Баткен областында администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо аракеттеринин абалын текшерүү жана иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-июну № 3206-V Кыргыз Республикасынын Баткен областында администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо аракеттеринин абалын текшерүү жана иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен областынын коңшу мамлекеттер менен чектешкен аймактарында акыркы кезде түзүлгөн талаш-тартыш кырдаалды жөнгө салууну талап кылган жарандардын кайрылууларынын негизинде Баткен областында администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо боюнча аракеттеринин абалын текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
Абдиев К. Кочкоров У.Т. - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан; Исаев Ж.К. Орозова К.Б. - КСДП депутаттык фракциясынан; Маматов Б.А. Маматалиев А.М. - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан; Арипов Н.Т. Бекматов А.Г. - "Республика" депутаттык фракциясынан; Текебаев Ө.Ч. Балтабаев Т. - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
2. Комиссия:
- маалыматтарды жыйноо, талдоо жана жалпылоо, ушул токтомдун максаттарын ишке ашыруу боюнча материалдарды даярдоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын адистерин, эксперттерди, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин каражаттарынын эсебинен өз ишине тартсын;
- иштин натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2013-жылдын июнь айынын аягына чейин отчет берсин.
Төраганын орун басары
Т.Зулпукаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 25-декабрындагы № 3730-V "Баткен облусунун коңшу мамлекеттер менен чектешкен аймактарындагы кооптуу кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу максатында…Постановление · 25.12.2013 · № 3730-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3420-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Баткен областында…Постановление · 27.06.2013 · № 3420-V
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.