# КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 13-июнундагы № 3222-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 13-июнундагы № 3222-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3222-V
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72818>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5572/edition/463208/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72818.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 13-июнундагы № 3222-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (13.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72818

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-июну № 3222-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Б.Баатырбеков, Г.А.Скрипкина, К.К.Иманалиев, Ж.А.Жолдошева, Б.С.Кадыров, Н.Н.Төрөбеков, М.Э.Сабиров Б.И.Сулейманов, Г.О.Жамгырчиева, К.С.Самаков, З.И.Бекбоев, А.Н.Измалкова, М.Б.Тиленчиева, М.И.Бакиров, М.Г.Мадеминова жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2013-жылдын 16-апрелиндеги № 199 токтому) тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төраганын орун басары

Т.Зулпукаров
