# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 733
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72718>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13545/edition/914321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72718.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому (22.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72718

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-ноябры № 733 Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлери бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-ноябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев
