# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3163-V "Өнөр жай коопсуздугу боюнча" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3163-V "Өнөр жай коопсуздугу боюнча" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3163-V
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72696>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5460/edition/456764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72696.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3163-V "Өнөр жай коопсуздугу боюнча" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (30.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72696

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-майы № 3163-V "Өнөр жай коопсуздугу боюнча" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 25-мартындагы № 146 токтому) "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (К.Ж.Рыспаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А.Жээнбеков
