# КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3143-V "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3143-V "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3143-V
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72676>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5441/edition/455601/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72676.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3143-V "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (30.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72676

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-майы № 3143-V "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2011-жылдын 11-ноябрындагы № 709 токтому) "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитети (Т.Т.Туманов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А.Жээнбеков
