Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Ишкердик субъектилерин текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 17-апрели N 2977-V Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген " Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3843-V токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 31-январында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген " Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
- К.С.Самаков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы;
- М.И.Бакиров - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү;
- Д.А.Ниязалиева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
- М.Абдылдаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Н.М.Ахметова - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Финансы-экономикалык талдоо жана өнүктүрүү мониторингин жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
- С.Т.Муканбетов - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.
(КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3843-V токтомунун редакциясына ылайык)
2. Макулдашуу тобу жогоруда аталган Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралы № 3843-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2014 · № 3843-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 4026-V "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү…Постановление · 30.04.2014 · № 4026-V
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 31-январындагы №2747-V "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана…Постановление · 31.01.2013 · № 2747-V