# КР Жогорку Кенешинин2013-жылдын 17-апрелиндеги №2976-V "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге парламенттик суроо-талап жиберүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин2013-жылдын 17-апрелиндеги №2976-V "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге парламенттик суроо-талап жиберүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2976-V
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72543>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5317/edition/406869/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72543.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин2013-жылдын 17-апрелиндеги №2976-V "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге парламенттик суроо-талап жиберүү жөнүндө" токтому (17.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72543

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 17-апрели №2976-V Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге парламенттик суроо-талап жиберүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге төмөнкү маселелер боюнча парламенттик суроо-талап жиберилсин:

- Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүүнү тездетүү жөнүндө;

- санариптик телерадиоберүүгө өтүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген каражаттардын, ошондой эле гранттык каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки жумалык мөөнөттө жогоруда көрсөтүлгөн маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.Жээнбеков
