# КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 29-декабрындагы №81-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 29-декабрындагы №81-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81-V
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5279/edition/478773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 29-декабрындагы №81-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому (11.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72505

---

КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2010-жылдын 29-декабры №81-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-жылдын 23-декабрындагы №30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

"Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитет" деген сөздөр "Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет" деген сөздөр менен алмашылсын.

2. 2010-жылдын 23-декабрындагы №40-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

"Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин" деген сөздөр "Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин" деген сөздөр менен алмашылсын.

3. 2010-жылдын 23-декабрындагы №41-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

"Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин" деген сөздөр "Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин" деген сөздөр менен алмашылсын.

4. 2010-жылдын 23-декабрындагы №54-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

токтомдун аталышындагы жана текстиндеги "Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин" деген сөздөр "Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин" деген сөздөр менен алмашылсын.

Төрага

А.Келдибеков
