# КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 28-февралындагы №2832-V "2012-жылдын 5-сентябрындагы №2266-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 28-февралындагы №2832-V "2012-жылдын 5-сентябрындагы №2266-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2832-V
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5198/edition/521190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 28-февралындагы №2832-V "2012-жылдын 5-сентябрындагы №2266-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому (03.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72424

---

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-февралы №2832-V 2012-жылдын 5-сентябрындагы №2266-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 6-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиев тарабынан сунуш кылынган төмөнкүлөрдүн талапкерликтери жактырылсын:

Шамил Есенжанович Атахановдун - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына; Абдулда Шергазиевич Суранчиевдин - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматына; Алисбек Төлбашиевич Алымкуловдун - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин кызматына.

2. 2012-жылдын 5-сентябрындагы №2266-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Шамил Есенжанович Атахановдун - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына;";

- сегизинчи абзацтагы "Зарылбек Кылычбекович Рысалиевдин" деген сөздөр "Абдулда Шергазиевич Суранчиевдин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жыйырманчы абзацтагы "жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу" деген сөздөр "эмгек, миграция жана жаштар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Жээнбеков
