# КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2804-V "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2804-V "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2804-V
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72408>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5182/edition/383984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72408.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2804-V "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому (21.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72408

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 21-февралы №2804-V "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 15-ноябрындагы №774 токтом) "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу калкка маалымдоо боюнча ишти күчөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жана коомчулукка долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө туруктуу негизде маалымдап туруу; долбоорлордун ТЭНине Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мөңгүлөрдүн абалын иликтөөнү жана алардын мониторингин каржылоо маселесин киргизүү; долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен адистерди, ошондой эле жергиликтүү калкты тартуу жана аларды Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдорунда окутуп-үйрөтүүнү кароо; ТЭНде долбоорлордун сейсмикалык туруктуулугун иликтөөгө жана алардын мониторингине өзгөчө көңүл буруу; заем келишимдерин түзүүдө долбоорлорду каржылоонун графигине өзгөчө көңүл буруу; долбоорлордун ТЭНинде өзүн өзү актоонун мөөнөттөрүн тактоо; заем келишимдеринин долбоорлорун, ошондой эле Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын ишенимдүү башкаруу келишиминин долбоорун аларга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери менен макулдашуу; региондун социалдык-инфраструктуралык шарттарын жакшыртуу маселесин иштеп чыгуу; Камбар-Ата-1 ГЭСинде суу ресурстарын пайдалануу режимин аныктоодо Кыргыз Республикасынын укугун бекитүү.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү - 3, 4-беренелердеги "Электр станциялары" ачык акционердик коому" деген сөздөрдү "унитардуу мамлекеттик ишкана" деген сөздөр менен алмаштыруу жөнүндө маселени кароо; Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун ТЭНин иштеп чыгууда кубаттуулукту 1900 МВт деңгээлинде белгилөө; Макулдашуунун 6-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацы менен каралган "Камбар-Ата-1 ГЭСи" ЖАКынын уставдык капиталындагы россиялык тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун салымы катары киргизүү үчүн долбордун ТЭНин иштеп чыгууга россиялык тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун акчалай каражаттарын Макулдашуунун 15-беренесинин алтынчы абзацы менен каралган россиялык тараптын чыгымдары деп түшүнүү.

Төрага

А.Жээнбеков
