# КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2798-V "2012-жылдын 5-сентябрындагы №2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2798-V "2012-жылдын 5-сентябрындагы №2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2798-V
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5176/edition/521147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2798-V "2012-жылдын 5-сентябрындагы №2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому (03.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72402

---

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3934-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2013-жылдын 21-февралы №2798-V 2012-жылдын 5-сентябрындагы №2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 6-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 5-сентябрындагы №2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан сунуш кылынган өзгөртүүлөр колдоого алынсын.

2. 2012-жылдын 5-сентябрындагы №2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- он төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги;";

- он алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

ушул токтомдон келип чыгуучу мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин; өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.Жээнбеков
