Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын Тизмеси жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 14-февралы №2793-V Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын Тизмеси жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын Тизмесин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 5-пунктуна ылайык карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын Тизмесине макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө тиешелүү ченемдик укуктук актыны үч айлык мөөнөттө кабыл алсын.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57