# КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №2763-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө"("Билим берүү жөнүндө", "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №2763-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө"("Билим берүү жөнүндө", "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2763-V
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5148/edition/382799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72374.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №2763-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө"("Билим берүү жөнүндө", "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (14.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72374

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 14-февралы №2763-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө"("Билим берүү жөнүндө", "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Э.Төрөбаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө"("Билим берүү жөнүндө", "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата жазуу жүзүндөгү өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (К.Осмоналиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А.Жээнбеков
