# КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 31-январындагы № 2733-V" Соттук экспертиза иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 31-январындагы № 2733-V" Соттук экспертиза иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2733-V
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5126/edition/384431/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 31-январындагы № 2733-V" Соттук экспертиза иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (31.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72352

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 31-январы №2733-V "Соттук экспертиза иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 25-сентябрындагы № 647 токтом) "Соттук экспертиза иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата жазуу жүзүндөгү өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (К.С.Бокоев):

жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда кароого чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 25-сентябрындагы № 647 токтом) "Соттук экспертиза иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук талкуулоо өткөрсүн; жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А.Жээнбеков
