# КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 16-январында № 2661-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 16-январында № 2661-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2661-V
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5073/edition/382019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 16-январында № 2661-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө" токтому (16.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72299

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 16-январы № 2661-V Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку согунун судьяларынын кызматына талапкерлерге сунушту карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык четки жаш курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызматына төмөнкүлөр шайлансын:

Анархан Мамбетовна Базаралиева Болотбек Бакирович Батыралиев Памирдин Жумагулов Айнаш Абдымановна Токбаева.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.

Төрага

А.Жээнбеков
