# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2648-V "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2648-V "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2648-V
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5066/edition/943708/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72290.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2648-V "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө" токтому (27.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72290

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-декабры № 2648-V Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1992-жылдын 18-декабрындагы № 1141-ХII "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 272-V токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссия тарабынан киргизилген жаңы редакцияда тиркемеге ылайык баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн; ушул токтомду аткаруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин багыттык комитеттерине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2648-V токтомуна тиркеме

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ГИМНИ

Сөзү: Ж.Садыковдуку жана Ш.Кулуевдики Музыкасы: Н.Давлесовдуку жана К.Молдобасановдуку

Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар, Элибиздин жаны менен барабар. Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп, Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма: Алгалай бер, кыргыз эл, Азаттыктын жолунда. Өркүндөй бер, өсө бер, Өз тагдырың колуңда.

Аткарылып элдин үмүт тилеги, Желбиреди эркиндиктин желеги. Бизге жеткен ата салтын, мурасын, Ыйык сактап урпактарга берели.

Кайырма: Алгалай бер, кыргыз эл, Азаттыктын жолунда. Өркүндөй бер, өсө бер, Өз тагдырың колуңда.

Төрага

А.Жээнбеков
