Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-декабры № 2648-V Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1992-жылдын 18-декабрындагы № 1141-ХII "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 272-V токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссия тарабынан киргизилген жаңы редакцияда тиркемеге ылайык баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн; ушул токтомду аткаруу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин багыттык комитеттерине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2648-V токтомуна тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ГИМНИ
Сөзү: Ж.Садыковдуку жана Ш.Кулуевдики Музыкасы: Н.Давлесовдуку жана К.Молдобасановдуку
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар, Элибиздин жаны менен барабар. Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп, Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайырма: Алгалай бер, кыргыз эл, Азаттыктын жолунда. Өркүндөй бер, өсө бер, Өз тагдырың колуңда.
Аткарылып элдин үмүт тилеги, Желбиреди эркиндиктин желеги. Бизге жеткен ата салтын, мурасын, Ыйык сактап урпактарга берели.
Кайырма: Алгалай бер, кыргыз эл, Азаттыктын жолунда. Өркүндөй бер, өсө бер, Өз тагдырың колуңда.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.