Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Калкты жаратылыш газы жана электр энергиясы менен камсыз кылуу жөнүндө, ошондой эле автомобиль жолдорунун абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-декабры № 2646-V Калкты жаратылыш газы жана электр энергиясы менен камсыз кылуу жөнүндө, ошондой эле автомобиль жолдорунун абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө Кыштын башталышы менен республикада түзүлгөн олуттуу проблемаларга байланыштуу калкты жаратылыш газы жана электр энергиясы менен камсыз кылуу жөнүндө, ошондой эле автомобиль жолдорунун абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-2013-жылдардын кышкы мезгилине карата даярдык боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
"Кыргызгаз" ААКсынын жетекчилерин отставкага кетирсин жана алардын жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карасын; энергетиканы көзөмөлгө алган вице-премьер-министрдин, энергетика жана өнөр жай министринин, Бишкек шаарынын мэринин жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын ээлеген кызматына ылайыктыгы жөнүндө, ошондой эле республиканын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана энергетика компанияларынын жетекчилеринин түзүлгөн кырдаал үчүн жоопкерчилиги тууралуу маселелерди карасын; абанын температурасынын кескин төмөндөп кетишине байланыштуу калкты жаратылыш газы жана электр энергиясы менен жана автомобиль жолдорунун коопсуздугун камсыз кылууда түзүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча кийинкиге калтырылгыс чараларды көрсүн; ысык тамак-аш жайларын (көчмө ашканаларды) уюштуруу менен алардын жайгашкан орду жана иштөө графиги жөнүндө калкка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабарласын; жаратылыш газы жана электр энергиясы менен камсыз кылуунун абалына карата маалымат менен жарандарды камсыз кылуучу көп каналдуу телефондук диспетчердик кызматтарды уюштурсун; калктын социалдык жармач катмарларына жана Ала-Арча өзөнүндөгү бөгөттүн айынан жабыр тарткандарга материалдык жана каржылык жардам көрсөтсүн; автомобиль жолдорун, өткөөлдөрдү, автобус аялдамаларын кардан тазалоо менен аларга инерттүү жана тайгалакка каршы материалдарды чачууну уюштуруп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
электр энергетикасы жана газ секторунда автоматика, электроника, информатика жана телекоммуникациялар жаатындагы илимди жана жогорку технологияларды, ошондой эле энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чараларды көрсүн; электр тармактар секторун модернизациялоо жана Кыргыз Республикасынын электр тармактарынын бүдөмүксүз кырсыксыз иштөө режимин белгилөө максатында Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөөчүлүк тутуму (ЭКЭ АМӨТ) программасынын тажрыйба долбоорун жайылтуу боюнча "ЭнергопромСервис" ИӨИ" ЖАКынын сунушун карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги электр тармактар секторун модернизациялоо жана Кыргыз Республикасынын электр тармактарынын бүдөмүксүз кырсыксыз иштөө режимин белгилөө максатында ЭКЭ АМӨТ программасынын тажрыйба долбоорунун "ЭнергопромСервис" ИӨИ" ЖАКы тарабынан жайылтылышына каржы каражаттарын бөлүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
2012-жылдын декабрында жаратылыш газын жана электр энергиясын жапырт өчүрүүлөргө алып келген кырдаалга күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартсын; Ала-Арча өзөнүндөгү бөгөттүн айынан жарандарга олуттуу зыян алып келүүдө күнөөлүү болгон Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жана алардын аракеттерине юридикалык баа берүү жөнүндө маселелерди карасын; "КазТрансГаз" АКсы менен "Кыргызгаз" АКсынын ортосунда 2005-жылы түзүлгөн "КырКазГаз" ЖЧКсы" кыргыз-казакстандык биргелешкен ишканасынын ишин текшерүүнү жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2013-жылдын 15-январына карата маалымдасын.
7. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2013-жылдын 30-январына карата маалымдасын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (К.Ж.Рыспаев) менен Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.К.Исаев) жүктөлсүн.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 23-майындагы № 3101-V "2012-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу"…Постановление · 23.05.2013 · № 3101-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 3601-V "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө"…Постановление · 21.11.2013 · № 3601-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 3432-V "V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-2014-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 11.09.2013 · № 3432-V