# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы №2581-V "Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы №2581-V "Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2581-V
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-5008/edition/382674/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы №2581-V "Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (13.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72230

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 13-декабры №2581-V "Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 28-июнундагы №458 токтом) "Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата жазуу жүзүндөгү өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (К.С.Бокоев):

жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда кароого чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 28-июнундагы № 458 токтом) "Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 5-июлундагы № 477 токтом) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору боюнча парламенттик угууларды өткөрсүн; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 28-июнундагы №458 токтом) "Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун парламенттик угуулардын жыйынтыгы боюнча жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А.Жээнбеков
