# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-сентябрындагы № 2280-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-сентябрындагы № 2280-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2280-V
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4972/edition/422679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-сентябрындагы № 2280-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө " токтому (13.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72192

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 13-сентябры № 2280-V Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызматтарына талапкерлерге сунушту карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 94-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык четки жаш курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызматтарына төмөнкүлөр шайлансын:

Жакып Токтобекович Абдырахманов Айжамал Мусуратбековна Ажибраимова Арзыбек Акыев Болотбек Джусупбекович Акматов Бактыгуль Кыдыргычевна Аманалиева Нурсейит Макенович Арапбаев Дилара Эркиновна Арстанбаева Жаухарат Хаджимуратовна Байзуллаева Бусурманкул Бактыгулов Каныбек Абдираевич Бокоев Дильфуза Салимовна Боронбаева Феруза Зулумбековна Джамашева Кабылбек Огонбаевич Джумашов Абиджан Исакович Исаков Жамалкан Мажитовна Исакова Гульбара Утюровна Калиева Дильбар Сабировна Кульматова Абылай Жумакадырович Мухамеджанов Маргарита Павловна Мельникова Камиль Турдубекович Осмоналиев Нургуль Айыповна Сатыбалдиева Канатбек Турганбеков Лепес Темирбеков Галина Дюшекеевна Уметалиева Качыке Эсенканов.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.

Төрага

А.Жээнбеков
