Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Бишкек шаарында 2012-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Энергетика секторун реабилитациялоо» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 22-ноябры № 2520-V "Бишкек шаарында 2012-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 19-октябрындагы №731 токтом) "Бишкек шаарында 2012-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (К.К.Иманалиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары
Т. Зулпукаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 731 "Бишкек шаарында 2012-жылдын 12-сентябрында кол коюлган, "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын…Постановление · 19.10.2012 · № 731
- Бишкек шаарында 2009-жылдын 5-ноябрында кол коюлган "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө…Закон · 27.01.2010 · № 12