# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 2498-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 2498-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2498-V
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4937/edition/422612/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 2498-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө" токтому (21.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72157

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 21-ноябры № 2498-V Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына талапкерлерди сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пупктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр 7 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына шайлансын:

Меергүл Рыскулбековна Бобукеева; Мукамбет Шадыканович Касымалиев; Эркинбек Тобокелович Мамыров.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланууга жатат.

Төрагасынын орун басары

Т.Зулпукаров
