# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 17-октябрындагы № 2395-V 2010-жылдын 23-декабрындагы №30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 17-октябрындагы № 2395-V 2010-жылдын 23-декабрындагы №30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2395-V
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/72077>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4860/edition/690804/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/72077.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 17-октябрындагы № 2395-V 2010-жылдын 23-декабрындагы №30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (06.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/72077

---

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 17-октябры № 2395-V 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Өз ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү комитеттери түзүлсүн: Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет; Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитет; Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет; Эл аралык иштер боюнча комитет; Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет; Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитет; Социалдык саясат боюнча комитет; Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет; Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет; Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет; Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитет; Бюджет жана финансы боюнча комитет; Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет.".

Төрага

А. Жээнбеков
