# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 2297-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын өз каалоосу боюнча кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана 2012-жылдын 13-сентябрындагы № 2281-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 2297-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын өз каалоосу боюнча кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана 2012-жылдын 13-сентябрындагы № 2281-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2297-V
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71998>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4781/edition/423605/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71998.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 2297-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын өз каалоосу боюнча кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана 2012-жылдын 13-сентябрындагы № 2281-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" токтому (27.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71998

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-сентябры № 2297-V Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын өз каалоосу боюнча кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана 2012-жылдын 13-сентябрындагы № 2281-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

H.А.Азимжановду, А.Н.Альпиеваны, К.Апаитованы, Д.М.Бекбоеваны, Б.Т.Жаманкулованы, Р.А.Салиевди, О.Сыдыковду, Э.Б.Токтомамбетовду, Р.Эсенгулованы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74, 76-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 27-1-беренесине, 33-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан, өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун жана отставкадагы судьялар деп эсептелсин:

Низамидин Азимжанович Азимжанов Алмагуль Нуракимовна Альпиева Кадычахан Апаитова Динара Мукашевна Бекбоева Бурулкан Тологоновна Жаманкулова Рахимберди Абдыкапыкович Салиев Орузгул Сыдыков Эркинбек Божокоевич Токтомамбетов Рысбүбү Эсенгулова.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга судья болуп иштеген ар бир толук жыл үчүн соңку кызматы боюнча орточо айлык эмгек акынын эсебинен бир жолку берилүүчү, бирок анын бир жылдык эмгек акысынан кем эмес жөлөкпул төлөнүп берилсин.

3. 2012-жылдын 13-сентябрындагы № 2281-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттун бешинчи, жетинчи, онунчу, он үчүнчү, он алтынчы, жыйырма сегизинчи, отузунчу, отуз биринчи, отуз үчүнчү абзацтары алып салынсын.

Төраганын орун басары

Т.Зулпукаров
