# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2266-V
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71991>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4774/edition/521179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71991.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" токтому (03.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71991

---

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 5-сентябры № 2266-V Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 2832-V, 2013-жылдын 6-мартындагы № 2836-V, 2013-жылдын 22-майындагы № 3096-V, 2013-жылдын 22-майындагы № 3097-V, 2013-жылдын 19-июнундагы № 3257-V, 2014-жылдын 5-февралындагы № 3802-V токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына төмөнкүлөрдүн талапкерликтери аныкталсын:

Жантөрө Жолдошевич Сатыбалдиевдин - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына; Жоомарт Каипович Оторбаевдин - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызматына; Мамытов Токтокүчүк Болотбековичтин - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына; Тайырбек Дуйшекеевич Сарпашевдин - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына; Камила Абдыразаковна Талиеванын - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына; Нурханбек Сакеновнч Момуналиевдин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин - министринин кызматына; Эрлан Бекешович Абдылдаевдин - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызматына; Абдулда Шергазиевич Суранчиевдин - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматына; Алмамбет Насырканович Шыкмаматовдун - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызматына; Ольга Владимировна Лаврованын - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызматына; Темир Аргембаевич Сариевдин - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызматына; Таалайбек Алимбекович Айдаралиевдин - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин кызматына; Калыкбек Иманалиевич Султановдун - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына; Кубатбек Айылчиевич Бороновдун - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызматына; Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаевдин - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин кызматына; Канат Жалилович Садыковдун - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматына; Динара Зарлыковна Сагимбаеванын - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызматына; Султан Акимович Раевдин - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына; Кудайберген Базарбаевич Базарбаевдин - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин кызматына; Алисбек Төлбашиевич Алымкуловдун - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин кызматына; Таалайбек Барыктабасович Өмүралиевдин - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин кызматына (Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы); Бусурманкул Беркутович Табалдиевдин - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын кызматына (Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы). (КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 2832-V, 2013-жылдын 6-мартындагы № 2836-V, 2013-жылдын 22-майындагы № 3096-V, 2013-жылдын 22-майындагы № 3097-V, 2013-жылдын 19-июнундагы № 3257-V, 2014-жылдын 5-февралындагы № 3802-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерликтер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2010-жылдын 17-декабрындагы № 28-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамын аныктоо жөнүндө"; 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1453-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө"

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Жээнбеков
