# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2264-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2264-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2264-V
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71989>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4772/edition/521130/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71989.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2264-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому (03.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71989

---

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3933-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2012-жылдын 5-сентябры № 2264-V Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиев тарабынан сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын каржылык камсыз кылууну тактасын, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тутумун иштеп чыксын жана бул тапшырманын аткарылышы жөнүндө маалыматты ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө берсин.

3. Ушул токтомдун 2-пунктунун аткарылышын контролдоо Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жүктөлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

2010-жылдын 17-декабрындагы N 26-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө"; 2011-жылдын 23-декабрындагы N 1451-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө".

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Торага

А. Жээнбеков
