# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2255-V "Бешинчи канал" жабык акционердик коому жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2255-V "Бешинчи канал" жабык акционердик коому жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2255-V
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71986>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4769/edition/382024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71986.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2255-V "Бешинчи канал" жабык акционердик коому жөнүндө" токтому (29.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71986

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-июну № 2255-V "Бешинчи канал" жабык акционердик коому жөнүндө "Бешинчи канал" ЖАКынын абалы жөнүндө жумушчу топтун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүнү белгилейт. "Бешинчи канал" жабык акционердик коому жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан аткарылбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 2011-жылдын 22-октябрындагы тескемеси менен жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамды ишке ашыруу боюнча уюштуруу-укуктук маселелерди чечүү үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун корутундусу боюнча "Бешинчи канал" жабык акционердик коому жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган вариантында төмөнкү негиздер боюнча ишке ашырылышы мүмкүн эмес: телеканалдын уюштуруучулук-укуктук формасы (ЖЧК, ААК, МИ) аныкталган эмес; телеканалдын менчик ээси аныкталган эмес, башкача айтканда телеканалдын катышуучусу (акционери) катары чыгуучу юридикалык жак аныкталган эмес. Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

мамлекеттин 100 пайыздык катышуусу менен өз алдынча каржылоо шарттарында Коомдук телекөрсөтүү каналын түзүү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын комитеттеринин, комиссияларынын, фракцияларынын жыйналыштарын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан өткөрүлгөн башка иш-чараларды артыкчылыктуу көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карасын.

2. "Кыргызтелеком" ААКсына телеканалдын телекоммуникациялык жабдууларын сактап калуу үчүн "Бешинчи канал" ЖАКы менен жарашуу макулдашуусун түзүү сунуш кылынсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.

Төрага

А.Жээнбеков
