# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Aйтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Aйтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2253-V
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71984>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4767/edition/950334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71984.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Aйтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтому (08.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71984

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-июну N 2253-V Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө. (КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт. Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармачылыгы, чыгармалары жана эл аралык коомдук ишмердиги менен дүйнөлүк адабияттын жана искусствонун өнүгүшүнө, улуттардын жана элдердин маданияттарынын жакындашуусуна жана өз ара баюусуна, тынчтыкты жана достукту, мамлекеттер аралык руханий байланыштарды чыңдоого зор салым кошкон. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши залкар жазуучунун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу максатка ылайык деп эсептейт. Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)

1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы жөнүндө Жобо бекитилсин.

(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)

2. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынан ушул токтомду колдоо суралсын.

3. Акчалай сыйлыктын өлчөмү Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы ыйгарылуучу алдыдагы жылдын 30-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жыл сайын аныкталат.

(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.

(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

А.Жээнбеков

Ч.Айтматов атындагы медалдын

СҮРӨТТӨЛҮШҮ

Медаль медаль белгисинен жана калыптан турат. Медаль белгиси алтындатылган күмүштөн жасалган. Медалдын бетинде Ч.Айтматовдун капталынан түшүрүлгөн элеси. Медалдын арткы бетинин ортосунда Ч.Айтматовдун бүдүрөйтө түшүрүлгөн кол тамгасы, анын алдында - медалдын номери
