# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программа жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программа жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2195-V
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71929>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4714/edition/983903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71929.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программа жөнүндө" токтому (29.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71929

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-июну № 2195-V Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программа жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 15-пунктуна, 128-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын долбоорун карап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары У.Р.Нарусбаеванын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары У.Р.Нарусбаеванын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программа төмөнкүдөй толуктоолор менен бекитилсин:

## 3-бөлүмдө:

- 29-абзац "тургундары" деген сөздөн кийин "жана өзгөчө статусу бар Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактарында жайгашкан чек араларды коргоо бөлүкчөлөрүндө аскер кызматын өтөп жатышкан аскер кызматчылары" деген сөздөр менен толукталсын;

- бөлүкчө төмөндөгүдөй мазмундагы 38-44-абзацтар менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарында берүүлөрдү толук жайылтуу жолу менен маалыматтык мейкиндикти коргоону камсыздоо;

- мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик участкаларынын линияларын көрктөндүрүү жана этап менен инженердик жабдуу;

- чек ара заставаларын, өткөрмө пункттарын куруу жана инфраструктураларын өнүктүрүү, алардын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун жакшыртуу;

- чек арачы-аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай менен камсыз кылуу (куруу, мамлекеттик ипотекалык кредиттөө ж.б.);

- аз комплектелген мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди куруу;

- мектепке чейинки жана мектептик билим берүү мекемелеринде кыргыз тилиндеги заманбап окуу китептери жана окуу куралдары менен толук көлөмдө камсыз кылуу менен кыргыз тилинде окутуу;

- билим берүү мекемелеринин Интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.".

Төраганын орун басары

Т.Зулпукаров
