# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-июнундагы №2123-V "2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргмз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-июнундагы №2123-V "2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргмз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2123-V
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71864>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4649/edition/538792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71864.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-июнундагы №2123-V "2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргмз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому (27.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71864

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-июну №2123-V 2011-жылдын 8-июлундагы №941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргмз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкарууну жана тескөөнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) токтомго карата № 1 тиркемеде:

1, 2, 15, 16, 20-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; төмөнкү мазмундагы 25-35-пункттар менен толукталсын: "

25

"Кант цемент заводу" ААКсынын акцияларынын 13,21 пайызы

26

"БМВ-750" LI Win code WBAKB 810449 CY 52201 маркасындагы автомашина

27

"Мерседес-Бенц" G 500 Win code WAB 4632481 XI 62400 маркасындагы автомашина

28

"Лексус-LX570" Win code JTSNYOOW 294028398 маркасындагы автомашина

29

"Лексус-RX330" 3MZ 4161824 маркасындагы автомашина

30

"Шевроле Субурбан LS" Win code IGNFK 163 X 9J 110614маркасындагы автомашина

31

Жалал-Абад шаарындагы аянты 0,30 га "Плодопитомник" участогунун № 2 контурундагы жер участогунда жайгашкан турак жай курулуштары жана чарбалык курулуштар

32

Жалал-Абад шаары, Нефтичилер көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан жер участогу жана турак эмес жайлар

33

Жаран А.Баймуратовго убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилген Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын "Таш-Башат" жер участогунда тургузулган курулуштар (резиденция

34

Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан аянты 33198,0 чарчы метр жер участогу, аянты 21986,6 чарчы метр турак эмес жай

35

"Альфа Телеком" ЖАКынын акцияларынын 49 пайызы

";

2) токтомго карата N 2 тиркемеде:

4-7, 10, 14, 18-22-пункттар күчүн жоготту деп табылсын; 15-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 914-V токтомуна ылайык" деген сөздөр алынып салынсын; төмөнкү мазмундагы 24-28-пункттар менен толукталсын: "

24.

Чүй областынын Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жер участогундагы курулуш

25.

Як-40 учагы, борт номери ЕХ-00007, 1975-жылы чыгарылган

26.

Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында жайгашкан аянты 10 га жер участогу

27.

Ысык-Көл областынын Ысык-Кел районундагы Чок-Тал айылындагы «Солнышко» пансионатынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктүн 5 бирдиги бар аянты 11,029 га жер участогу

28.

Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында жайгашкан аянты 9,32 га жер участогу жана ал участокто жайгашкан кыймылсыз мүлктүн 91 бирдиги

".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

мамлекеттин менчигинде турган жана "Аврора плюс" эс алуу борборунун аймагында жайгашкан 14 объектти менчиктештирүүнүн мүмкүнчүлүгүн иликтесин; мурда ачык аукциондо сатылган объекттерди менчиктештирилүүгө жаткан объекттердин тизмегинен чыгарып салуу жөнүндө сунуш киргизсин; "Плодопитомник" участогунун № 2 контурундагы аянты 0,30 га жер участогунда жайгашкан турак жай курулуштарын жана чарбалык курулуштарды; Жалал-Абады шаары, Нефтичилер көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан жер участогун жана турак жай эмес жайларды; убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилген Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын "Таш-Башат" жер участогунда тургузулган курулуштарды (резиденцияны); Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан аянты 33198,0 чарчы метр жер участогун жана аянты 21986,6 чарчы метр турак эмес жайды өндүрүштүк максаттарда пайдалануу үчүн Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын, Сузак райондук мамлекеттик администрациянын, Жалал-Абад областтык, шаардык прокуратураларынын, Жалал-Абад областынын Соттук департаментинин жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнүн мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карасын; көрсөтүлгөн объекттерди тиешелүү мамлекеттик органдардын балансына өткөрүп берүүнү, андан ары бул объекттер максаттуу багыты боюнча так пайдалануунун жана менчиктештирбөөнүн жана үчүнчү жактарга пайдаланууга өткөрүп бербөөнүн милдеттүү шарты менен жүзөгө ашырылсын.

3. 2011-жылдын 30-июнундагы № 914-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов) жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Т.Зулпукаров
