Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «2012-жылдын 3-майында кол коюлган «Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы» долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жана алгачкы «Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору» (ЭӨА гранты № H358-KG) боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга карата Долбоордун жабылыш датасын узартуу жана максатына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу толуктоо-катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 21-июну № 2080-V "2012-жылдын 3-майында кол коюлган "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жана алгачкы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору" (ЭӨА гранты № H358-KG) боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга карата Долбоордун жабылыш датасын узартуу жана максатына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу толуктоо-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 29-майындагы № 338 токтому) "2012-жылдын 3-майында кол коюлган "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жана алгачкы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору" (ЭӨА гранты № H358-KG) боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга карата Долбоордун жабылыш датасын узартуу жана максатына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу толуктоо-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү долбоордун экинчи фазасында резервге калтырылган 2 млн. АКШ долларын бөлүштүрүүдө ал каражаттарды Ош шаарындагы таза суу топтоочу жайды камсыз кылууга багыттасын.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 338 ""2012-жылдын 3-майында кол коюлган,"Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча…Постановление · 29.05.2012 · № 338
- 2012-жылдын 3-майында кол коюлган "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык Өнүктүрүү…Закон · 29.06.2012 · № 92