# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 2020-V "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 2020-V "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2020-V
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2012
- Редакциянын күнү: 14.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71772>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4558/edition/486784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71772.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 2020-V "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому (14.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71772

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-июну № 2020-V "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 25-октябрындагы № 670 токтому) "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:

Кыргыз Республикасында болуу мезгилине бардык чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу киргизүү жөнүндө сунушту кароо; мамлекеттик чек арадан өтүүдө бардык өткөрүү пункттарында чек ара контролунун автоматташтырылган тутумун киргизүү боюнча ишти активдештирүү.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарына карата бир тараптуу тартипте визасыз режим киргизилип жаткан өлкөлөргө алардын жарандары үчүн визасыз режим 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөт менен киргизилгендиги жана Мыйзамдын алдына коюлган максаттарга жетишилген учурда мөөнөтсүз негизде киргизиле тургандыгы жөнүндө маалымдасын.

Төрага

Б.Төрөбаев
