# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 24-майындагы № 1937-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 24-майындагы № 1937-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1937-V
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71704>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4491/edition/490843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71704.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 24-майындагы № 1937-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому (24.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71704

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-майы № 1937-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 2-ноябрындагы № 691 токтом) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. 1998-жылдын 15-июнундагы З № 1118-1 "Аларда иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыз кылынууга укук берүүчү бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу пункттардын Тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтому "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө Аларда иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыз кылынууга укук берүүчү бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу пункттардын тизмесин бекитүү жөнүндө тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алсын.

Төрага

А.Жээнбеков
