# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1929-V "2011-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1929-V "2011-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1929-V
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71696>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4483/edition/489373/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71696.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1929-V "2011-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету жөнүндө" токтому (24.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71696

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 7-июну № 1929-V 2011-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык 2011-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

2010-жылдын апрель жана июнь окуялары боюнча издөөдөгү адамдарды белгилөө, кармоо жана экстрадициялоо боюнча маселени мамлекеттик деңгээлде кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылсын; 2010-жылдын апрель жана июнь окуялары боюнча издөөдөгү адамдарды белгилөө, кармоо жана экстрадициялоо боюнча, анын ичинде тиешелүү мамлекеттер менен эки тараптуу Өткөрүп берүү жөнүндө келишимди - Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду түзүүнү тездетүү боюнча биротоло чараларды көрсүн; кылмыштуулук менен күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына таандык кылуу жөнүндө сунушту мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин; 2012-жылдын 2-февралындагы № 1588-V "2011-жылдын 9-июнундагы № 567-V "2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун чуулгандуу кылмыштарды изилдөө бөлүгүндө аткарууну камсыз кылсын; Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин, Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскердик бөлүктөрүнөн жана ички иштердин аймактык органдарынан ок атуучу куралды, ок-дарыларды, күжүрмөн техниканы жана башка мүлктү басып алуу фактыларына жол берген министрликтердин жана ведомстволордун күнөөлүү кызмат адамдарын кыска мөөнөттө белгилесин; сот адилеттигине жатпаган чечимдерди чыгарган судьялардын аракеттерине юридикалык баа берсин; Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти К.С.Бакиевдин үй-бүлөсү жана анын тегерегиндегилер тарабынан "Аврора плюс" санаторийинин аймагында мыйзамсыз жол менен курулган коттедждерди жана үйлөрдү кошуп алганда мамлекеттештирилген объекттерди сатуу процессине көзөмөлдү камсыз кылсын; Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесине ылайык прокурордун ыйгарым укуктары жана прокуратура органдарына тергөөгө караштуулук бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин өзгөртүү жана толуктоо маселелери боюнча сунуштарды мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери аркылуу киргизсин; прокуратура органдарында кадрларды дайындоо жол-жобосу боюнча ишти жакшыртсын, кадр иштерин чыңдоо боюнча уюштуруучулук иш-чараларды камсыз кылсын; Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Прокурордук кызматкерлерди кесиптик даярдоо борборунда талдоочулук ишти, окутуу жана усулдук сунуштамаларды иштеп чыгуу тутумун жакшыртсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү прокуратура органдарынын кызматкерлеринин штаттык санын көбөйтүүгө каражаттарды издеп тапсын.

Төрага

А.Жээнбеков
