# КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-апрелиндеги № 1854-V "2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-апрелиндеги № 1854-V "2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1854-V
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71637>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4426/edition/490799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71637.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-апрелиндеги № 1854-V "2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (19.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71637

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 19-апрели № 1854-V 2008-жылдын 20-июнундагы N 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын ТИЗМЕСИ

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.

6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция.

7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент.

8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаменти.

9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектик камсыздоо жана медициналык техника департаменти.

10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти.

11. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент.

12. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.Жээнбеков
