Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV „Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 19-апрели № 1854-V 2008-жылдын 20-июнундагы N 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент.
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаменти.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектик камсыздоо жана медициналык техника департаменти.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти.
11. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент.
12. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 20.06.2008 · № 553-IV · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 837 "2012-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 837 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 555 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 08.08.2012 · № 555 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 20.06.2008 · № 553-IV · Күчүн жоготкон